"Алтын-Ордо" конушуна жаңы мектеп курулат

"Алтын-Ордо" конушунун Алтын-Ордо 9 көчөсүндө жаңы мектептин курулуш иштери башталды. Бул тууралуу Мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мектептин имаратынын пайдубалына капсуланы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов жана Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов салды.

Жаңы билим берүү уюму 480 окуучуга ылайыкталган. Үч кабаттуу имарат 1,38 гектар аянтты ээлейт.

Долбоорго ылайык, биринчи блокто – окуу класстары, даярдоочу класс, медициналык кабинет, методикалык кабинет, техникалык бөлмө, эмдөөчү кабинет, ал эми экинчи жана үчүнчү блокто- окуу залы, спорттук, сурап-маалымат алуучу жана салтанат залдары каралган.
Белгилей кетсек, "Алтын-Ордо" конушу 2005-жылы түзүлгөн, анда 6 миң 400 адам жашайт, 2 миң 280 окуучу.

Мектептин курулушуна тендер Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан өткөрүлдү.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу