Жалал-Абадда 85 000 сом жана 10 миң сомду коркутуу жолу менен алгандар кармалды

Жалал-Абадда 85 000 сом жана 10 миң сомду коркутуу жолу менен алгандар кармалды бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык "2021-жылдын апрель айында Жалал-Абад шаардык ички ичтер бөлүмүнө Сузак районунун 19 жаштагы тургуну арызданып, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Арыздануучу түнкү маал саат 02:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде бейтааныш болгон 3 бала аны коркутуп, күч колдонуп, 10 миң сомдук телефонун жана 85 000 сом накталай акчасын алып коюшкандыгын билдирген. 
Аталган факты Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

     Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө кызматы тарабынан тергөө тапшырмасы берилип, анын негизинде Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыйгарым укуктуу опер кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада Бишкек шаарында жашынып жүргөн жеринен Сузак районунун тургуну 2000-ж.т. Т.Б. кармалып, тергөөгө камсыздалган. 
2021-жылдын 13-май күнү КРнын ЖПКнын 98-беренесине ылайык Т.Б.  Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Анын 2 шеригинин да өздүктөрү аныкталып, тергөөгө камсыздалган. Учурда Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүрүүдө" -
деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы.
 



Мундуз Жапаров

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу