ФОТО - Талас облусунда 37 үйдү сел каптады 

Талас облусунда үйлөрдү сел каптоодо. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бакай-Ата районунда 25-май күнү саат 18:30дар чамасында жааган жаандын кесепетинен Маматай, Көк-Теке коктуларынан келген сел суулары Түйтө каналына батпай Шадыкан айыл аймагынын Түйтө айылында жайгашкан 37 турак үйдүн короосун, Талас районунун Бердике айылын болжол менен 70 гектар айдоо жерин каптаган. Тартылган күч жана каражаттар: Жарандык коргонуу комиссиясы, айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 экскаватор, 2 трактор, жергиликтүү тургундардан 50 киши, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн жана айыл аймактан 15 кызматкер тартылган. Учурда тазалоо иштери жүргүзүлүүдө", - делет маалыматта.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу