ФОТО - Суусамырда жүк ташуучу унаа менен Тойота Камри сүзүшүп, 5 адам каза тапты

Суусамырда өрөөнүндө жол кырсыктын кесепетинен улам 5 адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Такталган маалымат боюнча Чүй облусунун, Жайыл районунун, Бишкек-Ош унаа жолунун 170-чакырымында (Суусамыр өрөөнү) Тойота Камри менен МАН оор жүк ташуучу унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен Тойота Камри унаасында 5 адам (2 эркек, 2 аял, 1 бала) каза болгон. Жерине КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборун 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдарды унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу