УКМК: "Чек ара жаңыжалында күйүп кеткен май куюуучу жай Камчыбек Ташиевге таандык эмес"

Социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы, чек ара жаңыжалы учурунда күйүп кеткен май куюуучу жайлардын бири, КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге таандык болгон деп жайылтылган маалымат чындыка дал келбейт. Бул тууралуу аталган комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Материалдарда көрсөтүлгөн «Томас жана Ко» компаниясы К.Ташиевге 2016-жылга чейин гана таандык болгонун маалымдайбыз. Бул билдирүүлөр чагымчыл адамдар тарабынан атайылап жайылтылып, атайын кызматтын жана Кыргыз Республикасынын УКМК жетекчилигинин ишмердүүлүгүн жаманатты кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын жарандарына туура эмес маалымат таратып жатышат", - делет маалыматта.

УКМК билип туруп жалган маалымат таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу