Ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданын өлүмү боюнча иш токтотулду

Шектүү көз жумганына байланыштуу 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча иш токтотулду. Бул тууралуу маалыматты Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлайт.

Эске сала кетсек, буга чейин өз жанын кыйган Замирбек Теңизбаевге адам уурдоо, киши өлтүрүү, зордуктоо боюнча сыртынан айып тагылганы маалымдалган.

Канатбекованын үй-бүлөсүнүн адвокаты Нурбек Токтакунов сот 27-май саат 9:00гө белгиленгенин билдирди.

Анын айтымында, ал күнү уурдоого шектелип кармалгандардын соту болот.

Токтакунов ошондой эле адам өлтүрүү боюнча иш токтотулганын кошумчалады.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу