Көлгө чөгүп кеткен баланын жансыз денеси табылды

Ысык-Көлдө чөгүп кеткен баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

"Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Алтын-Балалык” жаш балдардын ден-соолугун чындоо борборунда эс алып жүргөн 2005 ж.т өспүрүм, көлгө чөгүп кеткен. Жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, көлдүн жээгинен жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - делет маалыматта.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу