Илим Карыпбеков Азис Суракматовду үй камагына чыгарууну президент жана УКМК башчысынан суранды

 

Илим Карыпбеков Азис Суракматовду үй камагына чыгарууну президент жана УКМК башчысынан суранды.

Карыпбеков бул билдирүүсүн өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасады. Анда ал президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды. Кайрылуусунда ал Суракматов партиянын штаб башчысы катары ишмердигин улантып келатканын билдирип, штаб башчынын камакта отурушу партиянын кийинки кадамдарына таасир этиши мүмкүндүгүн билдирди.

"КЭДПнын кийинки шайлоого катышуусуна же катышпай калуусуна, курамынын өзгөрүшүнө саясий боёк, басым таасир этти деген ойдо калбашыбыз керек", - деген Карыпбеков.   

Экс мэр өзүнүн актыгын мыйзам чегинде далилдей ала турганын кошумчалады.

 

 



Мундуз Жапаров

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу