Президент Садыр Жапаров Максат айылына барды

Бүгүн 27-майда Президент Садыр Жапаров Баткендин Лейлек районунун Максат айылына барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Ишитн жүрүшүндө президент талкаланган объектилерди, анын ичинде өрттөлүп кеткен мектепти барып көрүп, жаңы курулуп жаткан 2 кабаттуу 100 орундуу жаңы бала бакчанын долбоору менен таанышты.

Ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алар менен сүйлөшүүдө мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери жөнүндө кеңири айтып берди. Анын айтымында, бул маселенин чечилиши аймактын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө түздөн-түз байланыштуу.

Мамлекет башчы Баткен облусуна мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп келе жаткандыгын жана мындан ары дагы бериле берерин баса белгиледи. Президент бир дагы жергиликтүү тургун жардамсыз калбайт. Ошондой эле гуманитардык жардамды даректүү бөлүштүрүү зарылдыгына көңүл буруу керектигин айтты.



Мундуз Жапаров

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу