Балыкчыда жаран өзү айдаган техникага тебеленип каза болду 

Балыкчы шаарында жаран жүк жүктөөчү техникага тебеленип каза болду. Бул тууралуу маалыматты облустук милициядан билдиришти

Маалыматка караганда, Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнө 26-майда болжол менен саат 12:15 чамасында тез жардам бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Балыкчы шаарынын 1969-жылы туулган тургуну бетон заводунда жүк жүктөөчү техникада иштеп жатып, дөңгөлөктүн алдында калганы, тез жардам бөлүмү жеткенче каза тапканы кабарланган.

Аталган билдирүү боюнча окуя болгон жерге Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу барып, чоо-жайын аныкташкан. Бетон чыгаруучу заводдо жүк жүктөөчү техникада иштеген К.А. техниканы от алдырам деп сол дөңгөлөгүнө чыгып, тросту тарткан учурда техниканын астына кулап кеткен. Ордунан жылган унаа аны тебелеп кеткен.

К.А. окуя болгон жерден каза тапкан. Аталган факт Балыкчы ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 135-беренесинин 1-бөлүмү менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Сүрөт: Иллюстрация 



Мундуз Жапаров

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу