Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Кумтөр кени боюнча сурак берип чыкты

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Кумтөр кенине байланыштуу териштирүү иштеринин алкагында күбө катары 27-майда да сурак берип чыкты. Маалыматты өзү «Азаттыкка» тастыктап, бирок чоо-жайын толук айткан жок.

Бир күн мурун да суракка чакырылганын «Азаттык» Аскер прокуратурасындагы жеке булактарга таянып жазган.

Кумтөргө байланыштуу кылмыш иштерин териштирип жаткан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) азырынча Сариевдин суракка чакырылганын бышыктай же төгүндөй элек.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөр алтын кенине байланыштуу кылмыш иши козголгон адамдар суракка чакырыларын билдирген эле.



Мундуз Жапаров

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу