Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо качан өтөөрү белгилүү болду

Президент Садыр Жапаров Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайрадан шайлоону дайындоо жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппаратын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым  болгондой, шайлоо Конституциянын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын 39, 58-беренелерине ылайык дайындалды.

Бишкек, Ош жана Токмак шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна, жекшемби күнгө дайындалсын.

Министрлер кабинети аларды ишке ашыруу үчүн каражат бөлүп, БШК жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден-соолугун коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрүшү керек.

Эске салсак, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн шайлоонун жыйынтыктары шайлоо учурунда көптөгөн мыйзам бузуулар катталгандыктан, ошондой эле административдик ресурстардын колдонулушунан улам жокко чыгарылган.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу