Видео - Өзбекстанда үрөйдү учурган дудук кызды сабаган окуя катталды

Өзбекстанда ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кызга кордук көрсөткөн окуя үрөйдү учурду. 24 жаштагы Мохизода оорукчан аялды карап иштечү. Мохизоданы апасын бактыртууга жумушка алган кыз кызматчыны сабап, аялдын бутунан өптүртүп жатканын видеого тартышкан.

Ташкент шаардык милициясынан билдиргендей, 24-май күнү 28 жаштагы  Мумтозбегим Д. өзүнүн эки тааныш кыздары 20 жаштагы Диёра Б. жана 23 жаштагы Мукаррам М. менен бирге дудук кыздын денесине залал келтиришкен. Тартылып калган видеодо дудук кызды кур менен чапкылап жатканын байкоого болот. Ошондой эле шектүү кыз Мохизоданы чачынан тартып апасынын бутун өптүрүүнү мажбурлайт.

Таяк жеген Мохизода бир сутка өткөндөн кийин өзү жолго чыгып тез жардам кызматынын унаасын жаңсоолор менен токтоткон.

Кылмыш ишине медициналык экспертиза дайындалып сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын Өзбекстандын Мирабад районунун укук коргоо органдары билдирген.

 



Мундуз Жапаров

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу