УКМК: "Мурдагы депутат Сергей Ибрагимов мамлекеттик бюджетке 100 миллион сом которду"

Мурдагы депутат Сергей Ибрагимов мамлекеттин бюджетинине өз ыктыярдуулугу менен100 миллион сом которду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты Сергей Ибрагимовдун компаниялар тобунда, каржылык мыйзам бузууларына, эсептөөнүн тууралыгы жана салык төлөмдөрүн убагында төлөбөгөндүгү боюнча аудит материалдарынын алкагында коммерциялык структуралардын ишмердүүлүгүнө изилдөө иштери  жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн салыктык текшерүүнүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу аныкталган жок.
Бирок, С.Ибрагимов республиканын оор социалдык-экономикалык абалын эске алып, акысыз каржылык колдоо көрсөтүүгө жана мамлекетти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттин бюджетине 100 миллион сом салым кошууга ыктыярдуулугун билдирди.
Учурда жогорудагы сумма мамлекеттин эсебине толугу менен которулду.
 

 



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу