Канатбек Исаев: Саясатчыларды мыйзамсыз камабай айыптарын далилдөөнү бийликке айтты.

Бүгүн 3-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев акыркы камоолор боюнча пикирин билдирди.

Саясатчыларды мыйзамсыз камабай айыптарын далилдөөнү жана абакта мыйзамсыз отургандарга көңүл бурууну бийликке айтты. 

Канатбек Исаев өз сөзүндө "Жакынкы күндөрдө белгилүү саясатчылардын камалышы боюнча баарыңыздарды көңүл бурууга чакырам. Камалгандарга кандай күнөө-далилдер бар бизге белгисиз. Бирок камалгандардын бири Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин эки чакырылышында төрага болуп эмгектенген. Өмүрбек Бабанов өкмөттү башкарган. 2017-жылы шайлоодо алты жүз миңге жакын добушка ээ болгон. Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп эмгектенген. Жогорудагы үчөө тең салмактуу саясатчылар. Кадыр баркка ээ болгон, кичи мекендеринде чоң колдоо тапкан саясатчы инсандар. Келечекте буларга коюлуп жаткан айыптар такталабы? Такталбай калса кандай болот? Булардын камалышына ким жооп берет? - деген маселе козголбой койбойт. Кезинде бүгүнкү төрага да жоопкерчилике тартылган эле. Президент Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Текебаев узак мөөнөткө эркинен ажырап абакта отурушту. Кийин мыйзам жолу менен баардыгы акталды. Бирок бир дагы сот, бир дагы тергөөчү жоопкерчилике тартылган жок. Жүздөгөн саясатчылар, бир катар адамдар жаза алып түрмөгө отуруп чыкты. Бирок бир дагы сот, тергөөчү мыйзамсыз козгогон ишине, адамды мыйзамсыз эркинен ажыратуу боюнча жоопкерчилике тартылган жок. Кылмыш жаза кодексинде так жазылып турат, андай адамдарды алты жылга эркинен ажыратуу керек деп. Ошол себептен суранып кетмекчимин жогорудагы адамдар боюнча баш коргоо чарасын өзгөртүп үй камагына чыгартып. Эгерде күнөөсү болсо жоопкерчилике тартылбасын дегенден алысмын. Эгерде коюлган айыптар далилденип сот өкүмү чыкса жоопкерчилике тартылсын. Бирок тарыхтан көрүп жатабыз көп учурда андай болгон жок. Бүгүнкү күндө жүздөгөн адамдар мыйзамсыз абакта отурат ошого көнүл бурса дейм бийлик", - деп билдирди Жогорку Кеңештин жыйынында. 

 

 



Мундуз Жапаров

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу