Акылбек Жапаров депутаттык мандатын өткөрүп берди

Борбордук шайлоо комиссиясы Акылбек Жапаровдун депутаттык мандатын Акбаров Арсланбек Акбаровичке өткөрүп берди.

БШКнын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, Арсланбек Акбаров Жогорку Кеңешке "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен келди. Ага Жогорку кеңештин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси тапшырылды. Акылбек Жапаров 1-июнда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана финансы министри болуп дайындалган. 



Мундуз Жапаров

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу