Алай районунда Абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учагы кулады

Алай районунда МИ-8 Абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учагы кулады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.  Тик учак Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнө таандык.

Белгилүү болгондой тик учак чек ара аймагандагы окуя болгон жерге бара жаткан. Алдын ала маалыматтар боюнча төрт адам жаракат алган. Бортто жалпы 15 адам бар болгон.

Кулаган тик учакта УКМК башчысы Камчыбек Ташиев болгон эмес, ал Алай районуна экинчи тик учак менен барган.



Мундуз Жапаров

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу