Иса Өмүркулов узак мөөнөткө чет өлкөгө кетүүдө

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов узак убакытка чет өлкөгө дарыланууга кетип жатат. Мындай маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине ЖК депутаты Аида Касымалиева тастыктаган.

Анын айтымында, Өмүркулов кетип жаткандыгына байланыштуу КСДП фракция жетекчилигин эл өкүлү Өмүрбек Бакировго убактылуу өткөрүп берген. Ал эми көпчүлүк коалицияны эл өкүлү "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов башкарып турмай болду.



Мундуз Жапаров

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу