Таласта 18 жаштагы кызды өлтүрдү делген бала өзүн-өзү асып салган

Буга чейин Таласта 18 жаштагы кыздын сөөгү унаадан табылганы маалым болгон. Окуя Кара-Буура районунун Жаңы-Жер айылында болгон. Ал жерде токтоп турган унаанын ичинен кыздын болжолдуу ок атуучу куралдан алган жаракаты менен жансыз денеси табылган.

Кыздын өлүмүнө шектүү жаран асынган абалда табылды. Маалыматты Талас ОИИБинин маалымат кызматынан тастыкташты.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, изделип жаткан шектүү жаран бүгүн, 5-июнда эртең менен асынган абалда табылган. Облустук милициянын басма сөз кызматынан толук маалыматты кийинчерээк берүүнү убада кылышты.
Булак: www.super.kg



Мундуз Жапаров

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу