Мэриянын бухгалтери УКМК кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды

УКМК кызматкерине Бишкек шаарынын мэриясынын бухгалтери пара берүү иш аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

УКМК кызматкерине каржылык мыйзам бузуулар фактысы боюнча арызды кароону токтотуу үчүн, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканаларынын биринин башкы эсепчиси "Н.П." пара берүү ишине бөгөт коюлду.

УКМК арызды кароо учурунда муниципалдык ишкананын бир катар каржылык мыйзам бузуулары аныкталды, 2021-жылдын 31-майында аталган «Н.П.» аныкталган мыйзам бузууларды жашырганы үчүн УКМКнын кызматкерине 50 миң сом өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылгандыгы аныкталды.

Бул факт туралуу УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголду.  4-июнда Коопсуздук органдын кызматкерине 50 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен «Н.П.» кармалды. Учурда козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат.



Мундуз Жапаров

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу