Футбол: Кыргызстан Монголияга утулуп калды

Жапониянын Осака шаарында Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Монголияга 0:1 эсебинде жеңилди.

Беттештин жалгыз голун монголиялык фулболчу Мижиддорж Оюнбаатар киргизди.

7-июнда Кыргызстан менен Монголиянын футбол боюнча улуттук курама командалары футбол боюнча Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарынын 2-раундунда беттешти.

F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада алты оюндан кийин 18 упай топтогон Жапония көч башында. Алты оюнда 10 упай топтогон Тажикстан 2-катарда, беш оюндан кийин жети упай эсебинде бар Кыргызстан 3-орундан жылган жок.

Акыркы оюнда Кыргызстандын курама командасын жеңген Монголия алты упай топтоп, Мьянмага теңелди.



Мундуз Жапаров

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу