Жалал-Абад милициясы уурулук фактысынын бетин ачты

Жалал-Абад милициясы уурулук фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 3 тургун арыз менен кайрылышкан. Алар 2021-жылдын 28-майынан 7-июнга чейинки аралыкта ишкана, стоматология жана мал сарайлардан акчалай каражаттарын,  фотоаппарат, үй тиричилик жана курулуш техникаларын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин билдиришкен. Жабырлануучулар жалпысынан 80 миң сомдон ашуун зыянга учурушкандыгын белгилешкен.

Бул фактылар Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жалал-Абад ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы окуяларга шектүү катары Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну 1982-ж.т. Х.Ж. кармалган. Анын баш коргоо чарасы Жалал-Абад шаардык сотунда каралып, 2 айлык мөөнөткө убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда Х.Ж. башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу такталууда. Тергөө амалдары уланып жатат. 

 



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу