Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү 1301 укук бузуу фактысы аныкталганын билдирди

Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан 1301 укук бузуу фактысы аныкталды деп билдирди басма сөз кызматы.

- 1188 мыйзам бузуу иши козголуп, 5 118 500 сом өлчөмүндө айып пул өндүрүлүп, 25 308 897 сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү төлөнгөн;

- Бажы кылмыштарынын фактылары боюнча, 113 материал тергөө органдарына өткөрүлүп берилген, алар боюнча келтирилген зыян 64 458 328 сом өлчөмүндө өндүрүлдү;

- Бажы укук бузууларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында кошумча 26 288 475 сом суммасында бажы төлөмдөр төлөнгөн.

2021-жылдын 1-жарым жылдыгындагы иштин жыйынтыгы боюнча бюджетке кошумча түшүрүлөөрдүн суммасы 121 174 200 сомду түздү.

Өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу бузууларды аныктоо 115% га жогорулаган, эгерде өткөн жылы 605 бузуу фактысы аныкталса, отчеттук мезгилде бул көрсөткүч 1301 фактыны түзгөн.
Бюджетке кошумча түшүүлөрдүн суммасы 62,4% га же 46,5 млн. сомго көбөйгөн, эгерде 2020-жылдын 1-жарым жылдыгында кошумча түшүүлөрдүн суммасы 74,5 млн. сом болсо, отчёттук кварталда бул көрсөткүч 121,1 млн. сомду түздү.



Мундуз Жапаров

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу