Бишкекте каналга түшүп кеткен адамдын жансыз денеси табылды

Бишкекте каналга түшүп кеткен адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Свердлов району, Ш.Баатыр Проспектиси менен М.Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишинде каналга (1999-ж.т. К.И.) аттуу эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек шаары боюнча Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып туугандарына өткөрүп беришкен.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу