Бишкек шаарынын казысынын орун басары болуп Талантбек ажы Темирбаев дайындалды

Бишкек шаарынын казысынын орун басары болуп Талантбек ажы Темирбаев  дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаар казысы Самидин кары Атабаев кол койду.

Белгилүү болгондой, Талантбек ажы Темирбаев  буга чейин Бишкек шаардык мусулмандар казыятында чарба жана курулуш бөлүмүндө эмгектенип келген. Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Талантбек ажы Темирбаевди ордо калаадагы жалпы дин кызматкерлерине тааныштырып, жоопкерчиликтүү ишине ийгилик каалады.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу