Садыр Жапаровго импичмент жарыялоо соцтармактарда көтөрүлүүдө

«Сапат» билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандынын окуясынан улам президент Садыр Жапаровго импичмент жарыяланышы керектиги соцтармактарда көтөрүлүүдө. Анын биринде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев соцтармактагы баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү жарыялады.

«Садыр Жапаровго импичмент. Ал 2012-жылы Кыргыз жарандыгын алган Орхан Инандыны чет мамлекеттин бийлигине өткөрүп берип, Баш мыйзамдын 51-беренесин (ред. Кыргыз Республикасынын жараны республиканын чегинен сыртка чыгарып салынбайт же башка мамлекетке өткөрүп берилбейт) бузду. Бул жагдай Конституциянын 73-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Садыр Жапаровду президенттик кызматтан четтетүү үчүн негиз болуп саналат», — деп жазган Замир Жоошев.

Ушул эле беренени жүйө кылуу менен башка интернет колдонуучулар жана юристтери да Садыр Жапаровду сынга алып жатышат.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан.



Мундуз Жапаров

Бөлүшүү


Комментарийлер

Эла Демир
Демек Кыргызстанда чын эле Фехтулакчылар барбы? Фетолор биздин бийлике терс таасирин тийгизгени жатабы. Бул Бир жаамат Элдин башын айлантып жатат. Мурун тупкулугу жаман бутуп калышы мумкун. Бийликти жаман атты кылып Инанды качырды деп колдонгону жаткандай. Эми Элди которуп бийликти куноолоп тополон чыгарган аткандай .
Максат
Эптеп кыйкым таппай жатышкан саясий оппонеттер " чымын олсо, пил олду" кылышууда. Ашынган коралбастар жакында Кыргызстандын 2012-ж.жараны турк адамдын туптуу Ата мекенине кылган кылмышы учун алынып кетишине тенеп, президенте импичмент талап кылгандары акылна сыйбайт. Законду олкону эшек жашоого такаган ЖК чыгарган да. Туркия,учурунда мурунку атуулун кылган.кылмышы учун артка беруучу сурашкан эле.
Максат
Кетсин Менин оюм татыктуу эмес, импичмент
Конок.
Орхан Инандынын чыныгы жүзү кандай экени белгисиз. Турциянын Кыргызстандагы "агент влияниясы" болушу да ыктымал. Эгер Эрдоган менен Гүлендин ортосунда конфликт чыкпай экөө бир кайыкта болуп калганда түздөн-түз миссиясын аткармак.
Рита
Элибиздин башында ушунча оор туйшук турганда .тилден соок чыгараа албай жаткан атуулдарыбызга Алла таалам озу жазасын берсин демекчимин.5000000 элдин кызыкчылыгын ойлобой.бир адамдын кызыкчылыгын ойлогон потриот адамыбызга ДАНК. Садырды эптеп тушуруп ордуна ордуна Атамбаевди алып келейин деп жаткан го.Замир Жоошбаев. Чакалап сузуп ичкен кирешесинен айрылып.ачка болуп жатат да.
Влад
Он не уйдет, а если кто то посмеет , то 7 апреля Покажется цветочками
Рыскуль
Кыргызстандын жарандыгын алган ар бир чет өлкөлүкту Садыр кайтарыш керек беле.Орханды кайтарып албай силер эмне кылып журдунор.Садырга импичмент жарыялагандын богун жейсиңерби,деги силерге орой айтайын.
Черикбай
Жактоочу деп койсо оозуна келгенди оттогон макоолор көбөйдү. Эл шайлаган президентти ээе ооз чала моңол саясатчылар импичмент жарыялаш керек деп айтса эле айткандай боло бербейт. Деги мындайлар кайдан эле пайда боло калып жатат. Эл бузар болгон немелерге орду кайда экенин көрсөтүп коюу керек.
Жаран
Бул атайы уюштурулган бийликке каршы,мүмкүн о.инан да мурунку бийликтегилер менен
Динка
Жоголсун иштей албаган тупой экени анык билинди элге чыгып оз оюн пландарын айта албаган допарас экени билинип эле жатат го. Э бир нерсе болсо эле Садырга каршы Садырды жаман корсотуп дейсинер калп эле суйлоп жатат го 30жыл чыдадынар Эми майга чейин чыдагыла свет арзандайт деген эки эсе которулду го Эми квартирада жашап обогреватель колдонгондор кыйналат экен да э
Венера
Бир түрк үчүн жандалбастап жатышат бийликке келе албагандар а канчалаган кыргыз кыздарды башка жактарга сатып, канчалаган кыргыздын жараны кулчулукта жүрсө эмне арданбайсынар!Бул жөн эле Садыр Нургожоевичти көрө албай жаткан шылтоо.Президент эң сонун иштеп жатат.
Эльшат
Эуу туугандар не о.и.деген ким экенин билесинерби??? Ал феточу бир озбектер эмнеге оз президентине импичмент жарыялабады??? Средний азиядан канчасын кармап барышыптыр башка олконун эли оз президентерине эмнеге импичмент жарыялабады???? Бизде ичи тарлар ото коп экен арам ойунар ишке ашпай калдыго эшектер мешоктоп акча келбей калдыда кээ бир эшектерге. Ар нерсени доодуроп атасын жанар акаев токтакунов силерге импичмент жарыялаш керек.
Жылдызбек
Комментарийлер бутту, башынарды оорутпай жумушунарды кылгыла кайдагы туртку талкуулабай.
Коко Шанель
Ии байкуш Ашанын адвокаты, эч нерсе таппай эми каяктагы группировка тузуп, озунун ыплас иштерин жургузуп жургон туркту шылтоолоп, сен дагы озундун ыплас ишинди жургузуп жатасынбы? Бул туркко билсен ошол сенин Ашан кыргыз паспортун саткан, жон эле алган эмес, дагы озунун группасындагы туркторго да кыргыз паспортун алып берген мыйзамсыз.

Комментарий кошуу