Чүйдө курулуш чарбанын чатырынан өрт чыкты

Чүйдө курулуш чарбанын чатырынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн району, Восток айылы, Сейтек көчөсүндө жайгашкан курулуш чарбанын 300 чарчы метр чатыры жана ичинде жыйылган отун күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпы эки өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып саат 22:47 өрт чектөөгө алынып жана 23:57 толук өчүрүлдү.

Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу