Ош шаарында добуш сатып алууга шектүүлөр 115 миң сом менен кармалды

Ошто шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектүү катары  жарандар кармалды бул тууралу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык 2021-жылдын 7-июль күнү, саат 11:37 чамасында Ош шаарынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө «шайлоочулардын добуштарын сатып алуу»  болуп жаткандыгы тууралу маалымат келип түшкөн. Ыкчам топ маалыматты текшерүү учурунда. Ош шаарынын Жумабаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен аталган шек менен  Ош шаарынын тургундары 1980-жылы туулган И.Х.,  1959 –жылы туулган Р.Ш. жана 1959-жылы туулган Л.Б. кармалышкан. Алардын бири 1980-жылы туулган И.Х.нын жанынан 115 миӊ сом акча жана ошол аймакта жашаган шайлоочулардын тизмеси чыккан.   

Бул тергөө кызматына алынып келинген жарандар келе жаткан шайлоого катышып жаткан бир партиянын тарапташтары  болушкан. 

Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынынын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын  жазык кодексинин 192-беренесинин белгилерине ылайык сотко чейинки өндүрүш иши башталды. - деп билдирет Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы



Мундуз Жапаров

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу