Эртең Орхан Инандынын Түркияга уурдалышы боюнча Бишкекте митинг өтөт

Эртең, 8-июлда Бишкек шаарында “Сапат” билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандынын Түркияга уурдалышы боюнча митинг өтөт. Мындай маалыматтар социалдык тармактарга тарады. Маалыматка ылайык, митингдин аталышы #РЕАКЦИЯ 4.0 деп аталып, катышуучулар Эркиндик бульварынын жанындагы темир жол вокзалынан Эркиндик бульвары менен Өкмөт үйүнө чейин жүрүш жасашат. Акция саат 18:00дөн 20:00гө чейин созулат. Белгилей кетсек, Орхан Инанды Кыргыз жараны жана көп жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө иштеп, жашап келген. Ал ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган. 6-июлда президенттин тапшырмасы менен Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Доганга Орхан Инандыны кайтарып берүү боюнча нота тапшырган.



Мундуз Жапаров

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу