Эми рак илдетине чалдыккан бейтаптар сызыктуу тездеткич жардамы менен нур терапиясын ала алышат

2021-жылы 7-июлда Улуттук онкология жана гематология борборунда сызыктуу ылдамдаткычтарды ишке киргизүү аземи болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жана Онкология борборунун кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

Кымбат баалуу медициналык жабдууларды сатып алуу "Кумтөр Голд Компани" ЖАК тарабынан бөлүнгөн каражаттын эсебинен жүргүзүлдү. Бөлүнгөн 7 миллион өлчөмүндөгү АКШ долларына эки сызыктуу тездеткич, Компьютердик томограф жана башка керектүү шаймандар сатылып алынды.

 «Бул мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн алгачкы ири сатып алуу болду. Биздин максатыбыз - Кыргыз Республикасынын калкына онкологиялык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, зыяндуу шишиктен калктын өлүмүн азайтуу. Сызыктуу тездеткичтердин ишке кириши менен онкологиялык оорулууларга медициналык жардамдын сапаты жогорулайт ” , - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Онкология борборунун жетекчилигинин айтымында, 2017-жылы «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын каражаттарынын эсебинен кымбат баалуу жабдууларды сатып алууга, анын ичинде Улуттук онкология жана гематология борбору үчүн эки сызыктуу тездеткич сатып алууга 7 миллион АКШ доллары бөлүнгөн. 2019-жылдын февраль айында сатып алуулар боюнча тендердин жол-жобосу аяктады. Тендердин жыйынтыгында, жеткирүүчү MN Medikal (Эстония) утуп алды, ал 3 874 778 АКШ долларына эки сызыктуу тездеткич алып келди. Келишимдин шарттарына ылайык, сызыктуу тездеткичтерди орнотуу үчүн, эки бункер тиешелүү радиациялык коопсуздук талаптары менен капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Бункерлер болоттон жана коргошундан жасалган автоматтык эшиктер менен жабылат. Атайын тездеткичтер үчүн жаңы компьютердик томограф жана башка керектүү шаймандар сатылып алынган.

Пандемияга жана бункердин капиталдык ремонтуна байланыштуу жабдууларды жеткирүү 2020-жылдын октябрь айына чейин создуктурулган. Жабдуулар 2020-жылдын 24-октябрында келген. Мындай жабдуулар Россияда, Өзбекстанда жана Европада колдонулат. Жеткирүүчү дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн бири. Тездеткичтер ишке берилгенден баштап, 3 жылдык акысыз кепилдик тейлөө бар, ал эми эшиктерине - 2 жыл.

«Буга чейин нур терапиясы (аралыктагы гамма терапия) TERABALT аппаратында жүргүзүлүп келген (Кыргызстан аны МАГАТЭ долбоорунун алкагында алган), ал өз мөөнөтүн аяктап, демонтаждалган. Эми залалдуу шишик менен ооругандар нур терапиясын Индия тарабынан берилген "Бабатрон" аралыктагы гамма-терапиялык аппаратынын жардамы менен алып келет. Гамма терапия шаймандарынын экөө тең радиоактивдүү булак менен иштешчү (кобальт-60). Сызыктуу тездеткичтер нур терапиясын тагыраак жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, б.а. нурлануунун максималдуу дозасы шишикке түшөт, ал эми курчап турган кадимки ткандарга минималдуу нурлануу, бул радиациялык реакцияларды жана радиациялык зыянды азайтат, дарылоо процессинде бул абдан маанилүү. Сатып алынган эки топтом бирдей. Алардын бирөөсү бузулган учурда, бейтап экинчисинде дарыланууну коопсуз уланта алат. 6 сааттык нөөмөттө бир тездеткичтен 40ка чейин бейтап өтөт », - деди УОжГ борборунун директорунун орун басары Бакыт Шайымбетов.

Ошондой эле, УОжГ борборунан билдиргендей, учурда Москва, Минск жана Балтика өлкөлөрүнүн эксперттери кызматкерлерди (медициналык физиктер, инженерлер, врачтар жана лаборанттар (медайымдар) Бишкекте окутуп жатышат, андан кийин алар чет өлкөлөрдө Минск шаарында стажировкага жөнөтүлөт. Июлдун аягында дарыгерлер биринчи бейтаптарды кабыл ала башташат.

Маалымат үчүн:

Онкологиялык оорулар дүйнө калкынын өлүм көрсөткүчүн аныктоочу жугуштуу эмес оорулардын катарына кирет. Көптөгөн өлкөлөрдөгүдөй эле, Кыргыз Республикасында онкологиялык оорулар калктын өлүмүнүн негизги себептеринин бири болуп саналат, алар жалпы өлүмдүн структурасында жүрөк-кан тамыр ооруларынан кийин экинчи орунда турат. Жылына 5000ден ашык бейтап катталат, ошол эле учурда оорунун күчөп кеткен стадиадагы диагнозу коюлган адамдардын үлүшү жогору бойдон калууда.

Республикада адистештирилген онкологиялык жардам 470 орундуу Улуттук онкология жана гематология борбору ,100 орундуу Ош облустар аралык онкология борбору, 30 орундуу Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасында онкология бөлүмдөрү, Ысык-Көлдө көрсөтүлөт. 10 орундуу Кул аймактык ооруканасында жана Токмок аймактык ооруканасында 15 орундуу.

2020-жылы Кыргыз Республикасында биринчи жолу рак оорусу менен ооруган 5377 адам катталып, 3539 адам көз жумган.Эркектердин  арасындагы онкологиялык оорунун түзүмүндө ашказан рагы 15,2%, 2-орун өпкө рагы (10,9%) , 3-орун  боордун жана боордун ичиндеги өт жолдорунун рагы (6,2%), 4-орун - простата рагы (3,7%). Айымдар арасында рак оорусунун түзүмүндө 1-орунду эмчек рагы – (18,5%), 2-орунду  жатын моюнчасынын рагы – (13,0%), 3-орунду  ашказан рагы – (6,1%), ал эми 4-орунду - жумурткалардын рагы ээлейт. (4,8%). Өлүмдүн түзүмүндө Кыргыз Республикасында биринчи орунду эмчек рагы (8,9%) ээлейт, экинчи орунда ашказан рагы (8,7%), үчүнчүдө жатын моюнчасынын рагы (7,3%) жана төртүнчүдө өпкөнүн рагы (6,3%) турат. Региондор боюнча, эң жогорку көрсөткүч эмчек рагы (18,3%), жатын моюнчасынын рагы (12,4%) жана ашказан рагы (10,8%) .Чүй облусунда, ашказан рагы (17,5%) Нарын жана Талас облустарында (14,1%) белгиленген. Эрте диагностикалоо жагынан алганда, эң начар жагдай өпкө рагына (10,1%), ашказан (10,7%) жана кызыл өңгөчкө (11,4%) туура келет.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу