Орусия Адилдин атасы Эсен Мажитовду Тажикстанга өткөрүп бербестен коё берди

Тажикстандын өтүнүчү менен Орусияда кармалган кыргыз жараны Эсенбай Мажитов камактан бошотулду. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова фейсбукдан кабарлады. 

Белгилей кетсек, буга чейин кичинекей Адиль президент Садыр Жапаровдон атасын өлкөгө алып келүүнү суранган.

"Баткендик Адилдин атасы Эсен Мажитовду Россияда кое беришти. Россия Тажикстанга өткөрүп берген жок. Президент Садыр Жапаров сөзүнө турду! Путинге рахмат!",- деп жазды Молдокматова. 

Учурда Баткен облусунун губернатору Абдикарим Алимбаев Адилдин үй-бүлөсүнө жагымдуу кабарды жеткирүү үчүн бара жатканы айтылды.



Мундуз Жапаров

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу