УКМК - Кумтөр маселеси боюнча Аскар Акаевге издөө жарыяланды

Кумтөр маселеси боюнча Кыргызстандын туңгуч Президенти Аскар Акаев менен Экономиканы реконструкциялоо жана өнүктүрүү комитетинин мурдагы төрагасы  Бринштейнге издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, маалымат жыйында кабарлады.

Ташиев  Мурдагы Премьер-министрлер  Чыңгышев, Апаз Жумагулов, «Кыргызалтындын» мурдагы президенти Дастан Сарыгуловдор «Кумтөр» маселесинде катага жол берилгендигин моюнга алганын айтат. Бирок, кылмыш жоопкерчилигинин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу, алар жоопкерчиликтен бошотулган.

Ал эми, экс президент Аскар Акаевге карата, Канадалык «Комека» компаниясы менен келишим түзүүдө жогорку мамлекеттик кызмат ордун кыянаттык менен пайдаланып, эки тараптуу келишим түзүүдө мамлекеттин кызыкчылыгын коргобогондугу үчүн жоопко тартылаарын айтты.



Мундуз Жапаров

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу