“Биз Орхан Инандыга өлкөдөн чыгып кетүү боюнча сунуштарды бергенбиз”, - дейт Ташиев

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыга Кыргызстандан чыгып кетүү боюнча сунуштар берилген”,- дейт УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 8-июлда маалымат жыйында.

УКМКнын башчысынын айтымында, 2015-жылдан бери Инандыны бир нече ирет уурдап кетүүгө аракеттер болгондугун билдирди. Андан сырткары Ташиев Орхан Инандыны 2021-жылдын февралда жогорудагы аракеттер көрүлгөндө, аны сактап калышканын айтат.

Ташиев белгилегендей, дал ушул себептерден улам Инандыга өздөрүн кантип коргоо керектиги боюнча сунуштарын беришкен. Алардын бири - өлкөдөн чыгып, башка жерде тынч жашоо болгон.

«Мындай сунуштар Инандага жана башкаларга берилген. Бирок ал бардык коопсуздук чараларын көз жаздымда калтырды », - деп кошумчалады Ташиев.

Эске салсак, Орхан Инанди 1-июнга караган түнү жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инандыны атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин билдирген.

 

 

 



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу