Жалал-Абадда суудан аял кишинин жансыз денеси табылды

Жалал-Абадда суудан аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Таш-Көмүр шаары, Шопоков көчөсүнүн тушунда Нарын дарыясында белгисиз адамдын жансыз денеси калкып турат деген маалымат түшкөн.

ӨКМдин Таш-Көмүр шаарындагы 2-Өзүнчө издеп куткаруу отрядынан 5 куткаруучу жерине чыгып кеткен.

Куткаруучулар белгисиз аял кишинин жансыз денесин Нарын дарыясынын жээгинен алып чыгышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Табылган жарандын өздүгү тактала элек.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу