Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан 27 жаштагы сержант каза болду

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан улам 27 жаштагы сержант каза болду. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1994-жылы туулган чек ара кызматынын аскер кызматкери, сержант  Хуснидин Хожиев каза тапты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тажик тараптан каза болгондор жана жаракат алгандар дагы бар.

Окуя болгон жерде мамлекеттик  чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын башчысы, полковник Кыялбек Толонбаев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери турушат. 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү бул фактыны иликтөөнү улантууда.

 



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу