Сооронбай Жээнбековдун сурактан чыгып кеткени айтылды

Экс президент Сооронбай Жээнбеков УКМКга сурак берип чыгып кетти. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Назгүл Кыдыралиева билдирди.

Бүгүн, 12-августта Сооронбай Жээнбеков УКМКга Кумтөр иши боюнча суракка чакыртылгандыгы кабарланган. Ал 2017-жылы премьер-министр болуп иштегенддиги үчүн Кумтөр иши боюнча күбө катары суракка чакырылганын УКМК билдирди.

8-июлда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын берип, анда кайсы гана саясатчы болбосун аны жоопко тартууга УКМКнын күчү, эрки жана акылы жете тургандыгын айткан.



Мундуз Жапаров

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу