Чүй облусунун ИИББы кызматы: "Агын сууларда жана көлмөлөрдө жууну коопту"

Аламүдүн РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жаш өспүрүмдөр арасында сууга чөгүү кырсыктарын алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Аталган иш-чара Аламүдүн РИИБдүн жана Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулуп, ага Аламүдүн РИИБдүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, райондук билим берүү бөлүмү, социялдык өнүктүрүү кызматы жана райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү катышышты. Иш-чара учурунда көлмөлөргө, агын сууларга түшүп жаткан өспүрүмдөрдүн ата-энелерине балдарга көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы эскертилди.
Аламүдүн районунун аймагында 60 дан ашуун жаш балдардын сууга түшкөн жайлары аныкталган. Жайкы эс алуу учурунда милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте тынымсыз алдын алуу иштерин жүргүзүшүүдө. Мындай иш-чаралар жайкы эс алуу аяктаганча жүргүзүлөт. 
Чүй облусунун ИИББы эскертет, сууга түшүүгө тыюу салынган жерлерде же болбосо агын сууларда жана көлмөлөрдө жууну коопту. Ал жерлерде, кийимдерге илинип калуучу дарактардын бутактары, балырлар андан сырткары курч нерселер жана таштар болушу ыктымат. Сууга түшүп жаткан өспүрүмдөрдүн жанында ар дайым көзөмөл кылган ата-энеси же бойго жеткен жакындары болуусу зарыл. Ошондой эле ичимдик ичип алып сууга түшүү да кооптуу. Андыктан сууга түшүүдө, балдарга жана өзүнүздөргө сак болуңуздар.



Мундуз Жапаров

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу