Орусияда 19 жаштагы кыргыз кызы 9 жолу бычакталган

Маалыматка ылайык, кылмыш 6-августка караган түнү болгон. Айыпталуучу кызга кол салып, сумкасын тартып алууга аракет кылган.

Кыз каршылык көрсөткөндө, кол салган адам бычак алып чыгып, аны далысына тогуз жолу сайып жиберген. Ал алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.

Кол салган адам күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Кармалган адамга карата “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, 19 жаштагы кыргыз жараны Россияга 2020-жылы келген. Каргашалуу күнү ал англис тили курстарынан үйүнө кайтып келе жаткан.



Регина Баймуратова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу