Бачабаздар менен баңгизат саткандарга өлүм жазасы берилет. Ооганстанда жаңы бийлик алгачкы указын чыгарды

Ооганстанда бийлигин орноткон Афганистан Ислам Эмираты кечээ, алгачкы указын жарыялады. Бул тууралуу дүнөлүк басылмалар жазып чыгышууда.

Ага ылайык, баңги зат ташыгандарга, бачабаздык менен алектенгендерге өлүм жазасы киргизилди жана аялдар өз алдынча сейилдөөсүнө тыюу салынды.

Өз алдынча адам өлтүрүүгө тыюу салынат. Адам өлтүрүүчүнү жазалоодо Шарият сотунан өткөн сот жок!

Баңги затын өндүрүү, сатуу жана таркатууда ортомчулук кылууга — өлүм жазасы.

Салтка айланган бачабаздык, өспүрүм балдарды бийлетүү мыйзамсыз деп таанылат жана анан жазасы өлүм жазасы деп бекитилет.

Афганстан Ислам Эмиратында кредиттик пайызга тыюу салынат. Андыктан баардык пайыздык карыздар жокко чыгарылат.

Храмдарга сыйынууга жана мүрзөлөрдө курмандык чалууга тыюу салынат. Ар кандай тумар, төлгө салуу жана сыйкырчылык- кылмыш, шарият боюнча жазага тартылат.

Афганистан Ислам Эмираты өлкөнү өнүктүрүү үчүн, дүйнөнүн булуң бурчунан инженерлер менен дарыгерлерди чакырат. Биз аларга жогорку маяна төлөп беребиз.

Кол өнөрчулөр менен соодагерлер бизнесин кооптонбой уланта берсе болот.

Аялдар махрамы жок( эркек кишинин коштоосу жок) эс алууга чыгууга тыюу салынат.

ЖМКлар (медиа, пресса, интернет) цензурасыз, эркин чыга алат. Бирок, ушак, жалаа жана бирөөнүн ар намысын кемсинткен учурда Шариат соту менен жазага тартылат.



Регина Баймуратова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу