Анжелика: "Элди мыйзамга баш ийүүгө үндөгөн сериалыбыз эфирден белегисиз себептер менен алынды"

Адилет сериалын тартууга өз чөнтогүмөн 30,000$ акча сарптадым деген ырчы айым Анжелика президент Садыр Жапаровко кайрылуу жасады. 

Ал өз сөзүндө "Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Сизди ачык - айкындуулукту, адилеттүүлүктү туу туткан инсан катары билебиз.

24 сериядан турган, элди мыйзамга баш ийүүгө үндөгөн сериалыбыз эфирден белегисиз себептер менен алынды.
Кандай себептер менен биздин сериал туура эмес багытта экенин билгибиз келет. Эл үчүн иштеген режиссёрлордун ишин баалап коюууңузду өтүнөм. Уят сөздөр менен тартылган комедия жанрындагы милицияны шылдындаган тасмаларга эскертүү берилсе туура болмок. Бирок, биздин максат-милициянын аброюн көтөрүү эле.
Ушундай иштер болуп жатканын кимге айтаарыбызды, даттанаарыбызды билбей отурабыз.
Азыр биз- жаштар, элди маданиятка чакырып, элдин ичиндеги көйгөйлөрдү жакшы мисал, мотивация менен гана чече алабыз.
Башка өлкөлөрдө ээнбаштар менен күрөшүү, үстүндө - ажолору тасмаларды буйрутма кылып, мамлекеттик кызматкерлердин аброюн көтөртүп келишет.
Биз миң эшикти каккыладык! Бир дагы патриотту таппадык!
Баары акча таппасаңар, эмне кыласыңар милицияны мактап тартып - дегенине карабастан аягына чыктык. Мыкты сценарийге, мыкты режиссёрлук иш көрсөтөлү деп.

Элге кайрылуу:

Биринчи сериясы кечээ @etnomedia.kg чыкты! Бекер көрүңүздөр! Просмотр көбөйтүп бериңиздер!!!

Пикириңиздерди калтырыңыздар.

Кайдан жаман милиция пайда болот? Аны кандай жепжутарлар жаратат? Баары эле сатылып кеткен эмес. Ачуу чындык, кыйынчылыктар! Кызмат өтөп жатып курман болгондор тууралуу.
Бир тамчы дагы милицияга болгон терс пикир жок!

Бир ай мурун МВДнын министри, орун басары болуп МВДнын ичинен тасманы көрсөтүп, колдоо сурап чыкканбыз. Анда болгону жаңы имараттарды кошкула деген сөз болгон!
Бир жыл мурун сериал тартып жатканда жок имараттарды азыр сериалга кошушубуз үчүн канчалаган техника керектелет? Чыгымын ким төлөйт???
Мен өз чөнтогүмөн 30,000$ акча сарптадым! Мекен үчүн! Элим үчүн - тарбия берчү тасмага жан дүйнөмдү бердим!
Эгерде сунуштары болсо - АДИЛЕТ 2 сериалын тартып берээрибизге убада бергем, - деп билдирген ырчы айым.



Админ

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу