Мамлекеттик кызматкерлер 30 пайызга кыскарат. Аларга компенсация төлөнөт

Министрлер кабинети тууралуу мыйзам ишке киргенден кийин өкмөттө иштеген кызматкерлер 30 пайызга кыскарат. Кыскартууга туш болгон кызматкерлерге тиешелүү компенсация төлөнүп берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңеште депутат Айнура Осмонованын суроосуна жооп берип жатып айтты.

«Эмгек кодекси боюнча кенемте төлөнөт. Буга каражат бар. Эми өкмөттүк аппаратка чейин көтөрүлгөн кызматкерлер ишсиз калбайт деп ойлойм. Ал эми иш таба албагандар арга жок, жумушсуздук боюнча жөлөк пул алышат».

Акылбек Жапаровдун маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстанда президенттен тартып, катардагы жумушчуларга чейин жалпы 368 миң адам бюджеттен айлык алат.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 6-октябрдагы отурумунда «Министрлер кабинети тууралуу», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация тууралуу» жана «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө» мыйзам долбоорун 2-окуудан карап жатат.

Депутаттардын суроолоруна мыйзамдын авторлору менен чогуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров жооп берүүдө.ие 



Регина Баймуратова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу