“Жалбыз” телесериалынын бет ачар аземи болуп өттү

Кечээ, 2021-жылдын 6-октябрында «Супара» этно-комплексинде “Жалбыз” аттуу 36 сериядан турган социалдык багыттагы курч сюжеттүү, детективдик элементтерге бай, лирикалуу мелодраманын бет ачары болуп өттүү. Сериалдын жабык көрсөтүүсүнө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, ИИМ министрлигинин өкүлдөрү, Президенттик аппараттын кызматкерлери, коомдук жана маданий ишмерлер, сериалдын тартуучу тобунун өкүлдөрү жана алардын жакындары катышты.

Ачылыш аземге катышкандар алгач сериалдын 1-сериясын чоң экрандан көрүшүп, андан соң тартуучу топту куттуктап жылуу пикирлерин калтырды.

Сериалды коомдук ишмер Ташбоо Жумагуловдун өмүрлүк жары, акын, драматург, продюсер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Кыргызстан жаштар сыйлыгынын” лауреаты Жеңишгүл Өзүбекованын “Кыргызсериал” студиясы тарткан.

Сценарийдин автору Жеңишгүл Өзүбекова, режиссёру Мурат Мамбетов, продюсери Райкан Абдубалиева. Башкы ролдордо: Алтынай Мукамбет кызы, Таазим Үмөталиева, Өмүрбек Нурдинов, Таалайкан Абазова жана башкалар.

Эске салсак сериал ЭлТР телеканалы аркылуу көрсөтүлөт.



Админ

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу