Бишкек автотранспорттук ишканасы «Газпромго» 18 миллион сом карыз

Бишкек автотранспорттук ишканасы «Газпромго» 18 миллион сом карыз. Бул тууралуу шаар башчысы Айбек Жунушалиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, компания карызын доолап жатат.

«Шаардагы автобустар ишке чыкпай калса, жаңы мэр уурдады, жеди дешет. Чындыгында транспортка күйүүчү май жок. 2017-жылы 4 миң маршрутка болсо, азыр 1,5 миң. 82 автобус жана 130 троллейбус бар», -дейт ал.



Админ

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу