Осло: "Кыргыз элиндей боло албадык". Казакстандыктар кыргыз балбандарына экинчи ирет суктанды

Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз курамасы азырынча 2 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медаль утту.

Ал эми Дүйнө чемпиондугуна катышкан коңшу Казакстан курама командасы Ослодо ийгиликсиз болууда. Азырынча алардын карамагында бир гана күмүш медаль бар.

Мындан улам алар балбандарына нааразычылыгын билдирип, коңшу өлкөлөргө суктанган билдирүүлөрүн социалдык тармактарга жазышууда.

“Каршылаштарыбыз финалга чыкса экен, биздин балбаныбыз колого күрөшөт деп күтүп отурабыз. Кыргыз элинен эмнебиз кем?”;

“Айсулуу кыргыздын багына жаралган алтын спортчу”;

“Кыргыз өлкөсүнөн легионер балбандарды алып келиш керек. Биздикилер жыргатпайт”;

“Дүйнө чемпиондугунда башка өлкөлөр медаль алганча, өзүбүздүн кыргыз коңшулар алганы жакшы көрүнүш. Куттуктаймын!”;

“Медалдар куттуу болсун кыргыз эли! Күрөштө мыкты чыгып жатасыздар”;

“Казакстанга Кыргыз өлкөсүнөн машыктыруучуларды алып келиш керек”;

“Кыргыз элиндей боло албадык го. Алардын бардык балбандары жеңиш үчүн күрөшөт. Биздин балбандарыбыз Ослого барып сүрөткө түшүп келишет”;

“Коңшуларыбыз кыргыздарда 2 алтын, Монголияда 5 медаль. Сөз жок” деген пикирлерин жазышкан.

Казак спорт сүйүүчүлөрү буга чейин дагы кыргыз балбандарынын “Токио-2020” жайкы Олимпиада оюндарындагы күрөшүнө суктанып, жүрөгүндө оту бар деп мактоого алышкан.



Админ

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу