Анжелика: "Мирбекти тойлорго чакырып, чыгармачылыгына жардам берели"

Ырчы Анжелика Түркияга дарыланууга кеткен Мирбек Иманбековдун өлкөгө кайтып келгенин жана анын чыгармачылыгын колдоо керектигин айтат: 

“Буюрса, эки жума даарылануудан соң, “Мирбек мурункудай өзүнө келип, айыгат” деп айтышты.

Бишкекке кайтып келишиң менен!!! Ушул сүрөткө түшүп жатканда, “жакшы кабар менен баракчага жүктөйбүз” деп сүйлөшкөнбүз.
ай коркком. Мирбекке барганда дагы кыйналып жаткан учуруна туш болуптурмун. Бизде дагы УЗИ өтүп жатканында абдан жаман сөздөрдү айты.

Мирбектин башына сыноо түшкөндө эжелери менен таанышып, “болду, абалы оор” деп жатышат дегенде, аяп, адамды жаман абалга түшүрүшкөнүн жашырышпайт. Жакшы сөз менен адамды айыктырса болот да. Жаман кабар уга берип, Мирбек жан чыдагыс сыноодон өткөнүн айтса кимдир бирөө түшүнсө, көбүнчөсү түшүнбөйттүр. “Арыктап кетиптир, карарып кетиптир” деп жаза бербеңиздер.

Мага Мирбектин позитив менен өзүн алып жүргөнү жакты .

“Анжелика, дуэт жаздырабыз, клип тарттырабыз, мен айыгам, иштейм, баары жакшы болот” деп өзүнө, бизге дагы дем берген.

Чыгармачылыктагы коллегалар Стамбулга текшерүүгө барыш керек болгондо ынтымакта акча топтоп беришти. Ар бирин Мирбек атап, айтып, ыраазы болууда.

Эми, жакшы кабар уккан соң, тойлорго Мирбекти чакырып, колдоп, чыгармачылыгына жардам берели”. – дейт ырчы айым.



Админ

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу