Ташиев: Бир жылда бир гана жолу тойго бардым. Барсам да Матраимов менен бир столдо отурган жокмун

Бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев жаштарга үлгү болуу керектигин айтты.

"Кээ бирлер тойлорго барып, кимдерди кустуруп жатса ошолор менен бир столдо отурат. Жаштардын көбү кеткиси келип жатат. Жакшы үлгү көрсөткүлө", - дейт Дастан Бекешев.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев: "Сындаган бул жакшы. Сын менен алдыга жылабыз. Ал эки каралоо бул башка. Каралаганда эч кандай жакшы нерсе алып келбейт. Мыйзамды бузсаңыз сизди дагы жазалайбыз. Тойго бирөө менен барсам дос болуп калганды билдирбейт. Сиз тараптан бир дагы жолу пайдалуу сын уга элекмин. Кереги жок нерсени айтасыз. Жөн эле отуруп алып, каралап коомду бузуп жатасыңар. Сиз үлгү тууралуу айтып жатасыз. Биз коррупцияга каршы курөшүп жатканыбыздан үлгү алышсын. Бирөөнү чукулап мамлекетти жаман жакка тартасың", - дейт.

Бекешев: "Сизге каршылыгымды айткан жокмун. Бул дагы башкаларга үлгү болуп жатпайбы. Тойго барганыңызды айтып жатам", - деди.

Ташиев: "Мен бир жылда бир жолу тойго бардым. Күнүгө тойго барган жокмун да. Ким көрсө айткыла. Мен Райымбек Матраимов менен бир столдо отурган жокмун. Аны менен бир столдо отурсам дагы муну жаман деп ойлобойм. Анткени ал башкаларга салыштырмалуу 2 миллиард сом төлөгөн", - деди.



Бабаева Гүлкайыр

Бөлүшүү


Комментарийлер

Исматова
Тойго барса эмне экен барсын разгруззка бт иштеп атат Матраимов мн отурса жарашат Матраимовду кяызматка коюп кучун тажрибасын алыш кк ал иштегенди билет экен да жаман адам эмес оз жашоосун гулдотуп жашаган адамды коро албайбыз эн эле коро албаган эл экенбиз Ташиевге коп асвылбагылачы жерде эле басып журот
Асылай
Барса барыптыр да молодец Камчыбек озунун ишин туура так аткарып жатат
Асель
К.Ташиевдин жеке жашоосун талкууга алуунун кереги жок. Ал да Адам кимге кандай мамиле кылса ОЗУ билет. КР тарыхына алтын тамгалар менен жазылчу киши.
Клара
Ташиевда бизге окшогон Адам барса баратда анын эмнеси бар экен тооба андып эле калдыкго жапаров экоон оздору билет баратда бул жашоодо буларда акысы бар

Комментарий кошуу