"Бек Борбиев агамдын алдынан кыя өтө албайм!": Сыймык Бейшекеев шайлоого баруудан баш тартты

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Сыймык  Бейшекеев өзүнүн социалдык тармактагы баракчаларынын бирине Кыргыз Эл артисти Бек Борбиевди сыйлаганы үчүн шайлоого катышуудан баш тарткандыгын жазган.

"Баары эле аттандык деген эле кишилер, атказгандар көрүнбөйт, жабдыгы алтын күмүштөн тагынганы, жөнөкөй ээр токулгачаны, ыңырчак токуганы, орус ээрчени, жада калса жайдак мингени да бар эй, ушунча мыктыбыз бар экен, буйруса тез эле оңолсок керек оңко баш атпай деп ойлоп койдум. Август айынын аягында азыркы парламентиин лөктөрү, Алтыкем менен Janar Akaev үкөм чайга чакырды, узак сүйлөшүүдөн өзүмдү парламенттин жыйындар залында отурган депутаттай сезип да кеттим шорттуку десе, бирок жалындуу кептери жагымдуу болду, бирге

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Сыймык  Бейшекеев өзүнүн социалдык тармактагы баракчаларынын бирине Кыргыз Эл артисти Бек Борбиевди сыйлаганы үчүн шайлоого катышуудан баш тарткандыгын жазган.

"Баары эле аттандык деген эле кишилер, атказгандар көрүнбөйт, жабдыгы алтын күмүштөн тагынганы, жөнөкөй ээр токулгачаны, ыңырчак токуганы, орус ээрчени, жада калса жайдак мингени да бар эй, ушунча мыктыбыз бар экен, буйруса тез эле оңолсок керек оңко баш атпай деп ойлоп койдум. Август айынын аягында азыркы парламентиин лөктөрү, Алтыкем менен Janar Akaev үкөм чайга чакырды, узак сүйлөшүүдөн өзүмдү парламенттин жыйындар залында отурган депутаттай сезип да кеттим шорттуку десе, бирок жалындуу кептери жагымдуу болду, бирге барсак чыракка билик болгонго жараарыбызды да туйдум, шайлоого кетчү кем карчынан да кыжалат болбой турганымды боолголодум. Эки жумадан ашуун жети облустагы тааныш билиш, тууган урук, алыскы жакынкы чет өлкөдөгү санаалаш, ага ини, өкүл балдардын баарына кеңешип пикирлерин уктум, дээрлик 90 пайызы барышым керектигин айтышса, Атакем баштаган 10 пайыз каршы болушту. Ага чейин өзүбүздүн Кетмен Төбөдөн кимдер талапкер болуп чыгаары да белгилүү боло баштады, Бек Борбиев деген ысым калктын калың катмарына сиңип, менин да өнөр дүйнөсүнө аралашыма салымын кошту. Өнөр адамдары өлкөнү биримдикке чакырган ырлардан ырдап келебиз, анан өнөрдө өзөктөш болуп жүрүп бир өрөөндүн, болгондо да өзүбүз чоңойгон элди кантип экиге бөлөбүз деген ой чырмап алды, ансыз да буга чейин 20 жыл мурунку шайлоодо экиге бөлүнгөн элдин жараты бүтө электей, агаңан мурун ат сугарба дейт акылман элибиз, жада калса чейрек кылымдык чыгармачылык өмүрүмдө мен Бек ага концерт койсо, сый ургал кылып ал күндөргө да башка залдарда катарлаш концерт койбодум, бул жолу да инилик ызат кылып оюнга катышпадым, ийгилик аке, биз өнөр жолундагылар саясатта да маданият кылса болоруна үлгү боло алабыз, мага ишеним көргөзүп катарына чакырган Альянс партиясынын түптөөчүлөрүнө ыраазычылык айтам максатыңар орундалсын, баардык аламанга катышып жаткан мекендештерге ийгилик каалайм, ат чуркабай бак чуркайт дейт, буйруп жеңип келгениңер өлкө үчүн талыкпай иштеп берет деп ишеним арткандардын катарында болом!",- дейт ырчы. 

Ага утурлай Кыргыз Эл артисти Бек Борбиев өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, социалдык тармактагы баракчаларынын бирине жооп жазды.

“Сыймык, 20 жылдан ашык үзөңгүлөш, бир чети бир тууган иним болуп катарлаш келатасың. Сен дагы татыктуу, билимдүү, кыргыздын белдүү жигитисиң. Талапкерлигин койсоң алаканыңа салып көтөрүп алаар элибиз бар, керек болсо добушуң, ырларыңды жакшы көргөн жеңең дагы сага бермек)) Бирок, жогоруда өзүң айткандай ага ини мамилебизди бийик тутуп, жол бергениң бул сенин көкүрөгүң кенен, акылың тунук, чыныгы атанын баласы экендигиң. Болбосо, көрүп жүрөбүз, бир тугаандар, чай ичишип жүргөн достор шайлоолордо эки экиден жулмалашып калганын. Мындай мисалдар дагы да боло бермекчи. А сен экөөбүздүн мамилени саясаташтырбай бийик болгонуң, сага сунуш кылган адамдарды таң калдырып, ойлондурду деген ниеттемин. Аларга бул кылганың үлгү болсун, же үлгү болоор. Бийлик байлыктан дагы бийик турган жөнөкөй адамдык мамиле бар экенин көрсөттүң, эгер алар түшүнсө.

Ал эми, Сыймык сенин дагы кулугуң майданга түшөр кез алыста эмес, ошондо агаң оң канатында болоорун билесиң. Рахмат”, - деп жооп жазды.

 

 



Админ

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу