Опера ырчысы Токтоналы Сейталиев дүйнө салды 

СССРдин Эл артисти Токтоналы Сейталиев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-февралында узакка созулган оорудан улам көрүнүктүү опера ырчысы, СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор Токтоналы Сейталиев дүйнөдөн кайтты.

Токтоналы Сейталиев 1937-жылы 3-декабрда Чүй облусунун Панфилов районундагы Жайылма айылында туулган.

Эмгек жолун колхоздо баштап, 1956-1957 -жылдары Кыргыз опера жана балет театрынын алдындагы бир жылдык опера жана хор студиясын аяктаган. 1957-1962-жылдары № 15 Фрунзе жумушчу жаштардын кечки мектебинде окуу менен бирге, хор артисти болуп иштеп жүрүп, 1960-жылы окууну аяктаган.

1962-1969-жылдары Курмангазы атындагы Мамлекеттик искусство институтунун (Алма-Ата шаары, Казак ССРи) вокал факультетинин бүтүргөн. (азыр - Курмангазы атындагы Казак мамлекеттик консерваториясы).

Алма- Атадагы Курмангазы атындагы Мамлекеттик искусство консерваториясында окуу менен бир мезгилде ал Казак радиосу жана телевидениесинин Камералык оркестринин солисти да болуп иштеген.

Ал эми, 1969- 2013-жылга чейин операнын солисти, алдыңкы сахна чебери, Кыргыз опера жана балет театрында вокал боюнча мастер-классынын жетекчиси болгон.

1995-2015-жылдар аралыгында Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясынын жеке ырдоо классында иштеген.

Токтоналы Сейталиевдин 50 жылдык чыгармачылык ишмердүүлүгүндө улуттук операнын ар кыл жана жогорку чеберчиликтеги, татаал жана көп кырдуу образдардын бүтүндөй галереясын камтып, Дж.Вердинин «Дон Карлос», Дж. Пуччинин «Джанни Скикки» (Ринуччо), Г.Доницеттинин «Любовный напиток» (Неморино), А.Бойтонун «Мефистофель» (Фауст), Ш.Гунонун «Фауст» (Фауст), М.Мусоргскийдин «Борис Годунов» (Юродивый), П.Чайковскийдин (Водемон), В.Власов, А.Малдыбаевдин «Айчүрөк», Дж.Вердинин «Риголетто» (Герцог), «Травиата» (Альфред), «Чио-Чио-Сан» Дж.Пуччини (Пинкертон) жана башка дүйнөлүк жана кыргыз композиторлорунун опералык спектаклдеринде алдыңкы тенордук партияларын аткарган.

Ал 70-80-жылдарда Азербайжан, Грузия, Латвия, Литва, Орто Азия жана Казакстан республикаларындагы жеке концертин активдүү коюп, советтик артисттердин концерттик бригадаларынын курамына кирип, Болгария, Польша, Сирия, Түркия, Алжир, Монголия, Швеция, Дания, Швейцария, Кипр, Иордания жана Японияга барган.

Опера ариялардан тышкары, Токтоналы Сейталиевдин камералык репертуарында кыргыз жана орус композиторлорунун ырлары жана романстары кирген. Алар: Атай Огомбаев "Гүл", "Эсимде", Владимир Левашовдун "Россиянын булбулдары", Мукаш Абдраевдин "Жалына күйгөнмүн" жана көп башкалар кирет.

Көп жылдык чыгармачыл ишмердиги үчүн ал көптөгөн ардактуу жана илимий наамдар, мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктар, ошондой эле өкмөттүк сыйлыктар менен сыйланган.

1995-жылы жеке ырдоо кафедрасынын профессору илимий наамы, Курмангазы атындагы Алма-Ата мамлекеттик консерваториясынын ардактуу профессору, 1993-жылы Эл аралык "Алтын көпүрө" (Казакстан) сыйлыгынын лауреаты, Россия Федерациясынын Илим, жогорку билим берүү жана техникалык саясат министрлигинин Жогорку билим берүү комитетинин чечими менен ырдоо кафедрасында доценттин илимий наамы, 1972-жылы "Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти", 1974-жылы "Кыргыз ССРинин Эл артисти", 1984-жылы "СССРдин Эл артисти" ардактуу наамдары жана 1981-жылдагы концерттик программалары үчүн 1982-жылдагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу