Айнура Турганбаева: "Алтыным Бопуням, көзүң тирүү болгондо бүгүн юбилейиңди өткөрөт элек" (ФОТО)

Бүгүн, 3-мартта Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиев тирүү болсо 60 жашка чыкмак. Маркум актёрду анын сахналаш бир тууганы, "Сакиш" аты менен таанылган актриса Айнура Турганбаева эскерди:

"Алтыным Бопуням! Бүгүн көзүң тирүү болгондо 60 жашка чыкмак элең...Азыр жаныбызда болгонуңда канча деген ролдорду ойноп, бирге иштеп, чогуу канча кинолорго түшөт элек.... бүгүн 60 жылдык юбилейиңди өткөрөт элек...

Кандай десем да ажал экен... бизден сени алып кетти...Аллахым улук экен...

Эми биз куран окуп, дуа кылгандан башка айла жок...Жаткан жериң жайлуу, караңгы жериң жарык болуп, тар жериң кенен болуп, билип-билбей жасаган күнөөлөрүңдү кечирсин Аллахым....
Аллахым Бейишинен насип кылсын....
Бопуням-алтыным", - дейт ал.

Эске салсак, маркум актёр 2020-жылы 9-июнда дүйнө салган.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу