Бишкекте казак жазма адабиятына негиз салган улуу акын Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына карата салтанат өтөт

Бишкекте казак жазма адабиятына негиз салган улуу акын Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына карата салтанат өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 10-мартта саат 18:30да А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында казак жазма адабиятына негиз салган улуу акын, ойчул, агартуучу жана коомдук ишмер Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына карата “Миң таазим Абай акынга” аттуу чоң программадагы концерт өтөт.

Салтанатка Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова жана Өзбекстан Республикасынын Маданият министринин орун басары Олимжон Мирзаев да катышуусу күтүлүүдө.

Концерттик программага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстан мамлекеттеринин өнөр адамдары катышуусунда өтөт.



Мырза Тагайкулова

Бөлүшүү


Комментарийлер


Комментарий кошуу